Токмок шаарында "инисин сабаган" деген шек менен 53 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 42 жаштагы Б.М. аттуу жаран кайрылган. Арызында аны бир тууган агасы сабап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 53 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.