Түркиянын Газиантеп шаарында жан кечти-террорист өзүн жардырып, 3 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жардыруу кечээ, 16-октябрь күнү саат 12:45 чамасында террористтик иш-аракеттерге шектелген адамдардын үйүн тинтүү учурунда болгон. Жыйынтыгында 3 полиция кызматкери курман болуп, 8 адам жаракат алган. Алардын ичинен төртөө полиция кызматкери болсо, төртөө сириялык качкындар экендиги аныкталды.
“Учурда Газиантеп шаарындагы терроризмге каршы операция жыйынтыкталып, “Ислам мамлекети” террористтик тобунун 19 мүчөсү кармалды”, - деп жазылат маалыматта.