Ала-Бука районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 16-октябрда болгон. Анда Ала-Бука районунун Совет-Сай айылында чек ара кызматкерлери Кыргыз мамлекетинин аймагына 200 метр аралыкка чейин мыйзамсыз кирип кеткен өзбек жаранын кармашкан.

Мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандын жанында кимдигин аныктаган документтери жок болгон. Учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкелерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sirduusezim
2016-10-17 15:58:28
ХХХ ХХХ ошерде эле карааап турушпай
0
admin_portal
2016-10-17 16:12:32
Sirduusezim, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан