Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгы 16-октябрь күнү саат 09:40 чамасында Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунун 8-чакырымында орун алган. Анда Жигули үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып жарга түшүп кеткен. Натыйжада оор жаракаттардан улам 3 адам каза болгон.
"Жол кырсыгы катталган жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокен райондук 55-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.