Аламүдүн районунун Бөлтөк жайлоосунда чабан аскадан кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 16-октябрь күнү саат 14:00 чамасында Байтик айыл аймагына караштуу Бөлтөк жайлоосунда болгон. Анда 1973-жылы туулган чабан аскадан кулап, жансыз денеси аска бооруна туруп калган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.