Канга боёлгончо кичинекей балдарын мушташтырып, алардын чыдамкайлуулугун текшерген аталар бүгүн СИЗОго которулушат

Канга боёлгончо кичинекей балдарын мушташтырып, алардын чыдамкайлуулугун текшерген аталар бүгүн СИЗОго которулушат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Балдарын мушташтырган 1973-жылы туулган Бактияр Низамов жана 1987-жылы туулган Хосилжон Алимовду 2 айга камакка алуу чечими 15-октябрь күнү чыкты. Буга чейин алар убактылуу кармоочу жайда кармалып жатышкан, бүгүн СИЗОго которулушмакчы", - деди Ж.Ашырбаев.

Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан. Иликтөө иштеринин алкагында видеодо 2009-жылы жана 2010-жылы туулган эки кичинекей баланын чыдамкайлуулугун текшерүү максатында аталары мушташтырганы белгилүү болгон.

Балдардын кан төгүлгүчө согушканын карап тургандарын...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
sher.ella
2016-10-17 12:57:38
Огой аталар болсо керекта озунун аталары болсо минтип бойго салбаса керек
+1
admin_portal
2016-10-17 12:58:17
Aiko_92_29_08, сайтта адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Abubakir05
2016-10-17 13:34:45
Накта эшектин этин мээсин жеген аталар окшойт баштары иштебеген.
+1
Emil0211
2016-10-17 14:03:39
Озбек менен кыргыз экен
0
gulmira12345
2016-10-17 14:05:23
Эми сизодо ошол экоону канга боелгончо мушташтырсын пахан
+1
aydarov...
2016-10-17 14:15:22
Ушуларды камаганга кучу жеттида . Андан көрө Кадыржан Батыровду кама
0
chon.alai.
2016-10-17 14:22:16
кичинемде атам короодогу кочкорго жаман суздурчуу эле мени чыркырап ыйлаганым эч эсимден кетбейт ошондо чыдамкайлыгымды текшерейин деген турбайбы
-1
fanatka19
2016-10-17 15:28:49
Ата болбой кара жерге киргирлер.
0
-NURIK-
2016-10-17 15:38:17
Туура чечим 5-6. Жылга камап салса үй бүлөсү кыйналмак.
0
leilek_suluktu
2016-10-17 15:49:24
озбектер экен
0
admin_portal
2016-10-18 10:41:30
elmurat.kg, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Aizada.KG.2017
2016-10-18 13:53:50
Саламатсыздарбы? Кичине балдар чон адамдардан тарбия алышат.Ууру балдар,жалган суйлогондор,дайыма мушташып,согунуп,сигарет чегип,арак ичип,маданиятка жатпаган кылыктар,сабак окуубай болбогон кинолорду коруу...Буларга ким кунолуу? Жаш бала мээсине айлана-чойродо болуп жаткан нерселерди бат синирет. Видеодогу тиги эки байкеге боорум ооруйт. Ушунча жыл жашап коп нерсеге акылы,эрки алсыз.Балдардын келечегин ата-энеси, айланасындагы адамдар чечип коет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан