Бишкекте "кызганычтан улам аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелген жарандын иши Ленин райондук сотуна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмышка шектүү катары кармалган маркумдун 1984-жылы туулган Д.З. аттуу күйөөсүнө "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал күнөөсүн мойнуна алып, аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөнүн билдирген. Ошондой эле ал окуядан кийин өз жанын кыюуга аракеттенгенин кошумчалап, аны 6 жаштагы уулу көрүп калып, аман алып калганын айткан.
Эске салсак, 4-августка караган түнү саат 02:50 чамасында "102" кызматына Трудовая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 27 жаштагы келин өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү аялы уктап жатканда аны муунтуп өлтүргөнү аныкталган.