Францияда көп кабаттуу үйдөгү балкондун урашы адам өмүрүн алды

Франциянын батыш аймагындагы Анже шаарында көп кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы балкону урап, адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балкондун кыйрашынан улам 4 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Кырсык учурунда балкондо майрамдык кечеде отурган 15 студент болгон. 4-кабаттагы кыйраган балкон 2-3 кабаттагы балконду кошо талкалап кеткен.

Маалыматта балкон 15 адамды көтөрө албай кулап кеткени айтылат. Белгилүү болгондой, кырсык катталган көп кабаттуу үй 2000-жылы курулган. Учурда курулуштун техникалык абалынын сакталышын адистер текшерүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Seryi-Kardinal
2016-10-17 14:22:13
15 adamdy kotoro al4u bele
-3
STAN_KG
2016-10-17 14:25:05
Ошон үчүн балконду ар кандай кылып өз алдынча кирпич менен салмагын оорлотуп жасаган туура эмес. Балкон 15 кишини көтөрө албай кулаган болуш керек. Мүмкүн сапаты да начардыр, бирок кандай болбосун балконго көп жүк коюуу туура эмес!
+4
Arslan12
2016-10-17 14:31:53
15адам кантип батты экен,батса да бишкекте эртен менен маршруткага тушкондой болуп калса керек.
+6
sydykov.y
2016-10-17 14:35:07
суротту карасанар арматура деген жок экен эгер арматура коюлган болсо анда 20 адамды да которо алат бул жерде строительдердин шалаакылыгынан болгон балкон менен тургузулган уйдун перекрытиясы соединение болуш керек болчу а бул жерде соединениени коргон жокмун
+1
SavNaz
2016-10-17 14:35:09
Уйу турганда балкондо не бар дейм да эми тооба.Отура бер кысып уйдкн ичинделе.
-2
chikeusenov
2016-10-17 14:38:37
тегизделип калыптырго арматурасы жоокпу же азбы начар курулганго болбосо бир эки арматурасы болбойт беле
+1
chon.alai.
2016-10-17 14:46:46
2016-жыл оор жыл болду окшойт кырсык отоле коп болуп жатат
0
KYRGYZJERI
2016-10-17 15:14:19
конечно 15 адамды жилой домдун балкону которо албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан