Баткен жана Лейлек райондук ички иштер башкармалыгы ири көлөмдөгү баңгизат менен Тажикстандын тургунун колго түшүрүштү. Маалыматты бүгүн, 17-октябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Айсалкын Эргешбай кызы SUPER.KG порталына кабарлады.
Кылмышка шектүү жаран Исфана шаарындагы мейманканалардын биринен кармалып, баңгизат анын кол баштыгындагы кийимдеринин ичинен табылганы айтылды. "1 даана, кара түстөгү баштыкка салынып, сыртынан скотч менен оролгон, ичинде ак сары түстөгү, таза салмагы 965 грамм, өзгөчө жыты бар зат; кара күрөң түстөгү, таза салмагы 3 килограмм 515 грамм, өзгөчө жыты бар зат; 2 даана, ак түстөгү пакетке скотч менен оролгон, ичинде ак сары түстөгү, салмагы 1 килограмм 915 грамм болгон, өзгөчө жыты бар зат табылды", - деп билдирди басма сөз кызматкери.
Факт боюнча чогултулган материалдар Лейлек РИИБине өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.