Бишкекте адам өлүмүнө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү милиция кызматкерлерине 1987-жылы туулган Гүлмира аттуу жаран кайрылып, 1976-жылы туулган А.К. аттуу күйөөсү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан. Ошондой эле анын бир канча жылдан бери эт сатып, ишкердик менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.
“31-август күнү саат 18:00 чамасында А.Кга тиешелүү унаа Бишкектеги Биринчи Май көчөсүндөгү
№6-үйдүн жанына токтотулганы аныкталып, багажынан унаа ээсинин жансыз денеси табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары маркумдун жакын досу 1971-жылы туулган Т.Т. жана 1985-жылы туулган Ж.М. кармалган. Иликтөөдө А.К. шектүү Т.Тнын үйүндө өлтүрүлгөнү аныкталган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.