"Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акчаны уурдап кеткен" деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү 1985-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандын үйүнө белгисиз жарандар кирип, сейфтен 905 миң рубль, 60 миң сом, 2 миң доллар жана 11 миң сомдук фотоаппаратын алып кетишкен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 300 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Б.Ю. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилип, тергөө амалдары жүрүүдө.