Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү "маңзат саткан" деген шек менен кармалды

Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү "маңзат саткан" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, октябрь айынын башында баңгизаттар менен байланышкан кылмыш иштеринин алдын алуу максатында текшерме сатып алуу уюштурулган. Анда белгисиз эки адам 1 килограмм баңгизатын 2 миң долларга сатарын сунушташкан. Милиция кызматкерлеринин байкоосунда сатып алуу уюштурулуп, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлү Н.Б. жана Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаанын 54 жаштагы айдоочусу Г.А. кармалган. Алар 1 килограмм 400 грамм баңгизатын 1000 долларга сатышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
azamat.k
2016-10-17 16:59:44
ХХХ ХХХ, ишенген кожом сен болсон,алды алдында банги зат карма.Ушулар ушинтип жатса биз кантебиз.К...го кирип кетсенер экен,эн..дар мындай болсо жашоо онолбойт.
0
admin_portal
2016-10-17 17:03:01
azamat.k, этика нормаларын сактаңыз!
-3
kamchatka
2016-10-17 17:23:04
Анча мынча сатып турса боло берет дешсе керек,же бир чонураак бирого мишайт этип жатса керек@
0
kgbel1984
2016-10-17 17:49:15
бирибирин потставка кылышканго булар
+3
Abdurahman
2016-10-18 08:35:10
айтканын кыл кылганын кылба болуптур да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан