Ооганстандын вице-президентине куралдуу кол салуу болуп, 15 адам каза болду

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында өлкөнүн вице-президенти Абдул-Рашид Дустумга куралдуу кол салуу болуп, 15 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кол салуудан улам 15 коопсуздук кызматкери каза болуп, 20 адам жаракат алган. Кол салууга жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы алды.

Алгач талибдер кортеж өтчү жолдо жардыруу уюштурушкан. Андан соң атышуу башталган. Кол салуу учурунда вице-президент жабыркаган. Анын айтымында, Файраб провинциясына бара жаткан. Ал жакта “Талибан” кыймылына каршы операция жүрүп жаткан эле. Жок кылынган талибдердин арасында пакистандыктар, өзбектер жана чечендер болгон”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chon.alai.
2016-10-17 17:47:03
америка
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан