Бишкек шаарында сойкукананын 39 жаштагы администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында борбор калаанын Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан сойкуканалардын бири аныкталган. Аталган жай сауна катары иштеп, анда сойкулар да өз кызматтарын көрсөтө тургандыгы белгилүү болгон.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, сойкукананын 39 жаштагы М.Р. аттуу администратору кармалган. Ал отурган жайды текшерүү учурунда жанынан алдын ала атайын белгиленген 2,5 миң сом табылган. Ошондой эле саунада узак убакыттан бери иштеп келаткан 3 сойку кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, сойкукананын администратору камакка алынды.