Бразилиянын түндүгүндөгү абакта массалык мушташ орун алып, 25 адам каза болду

Бразилиянын түндүгүндөгү абакта 2 топтун ортосунда массалык мушташ орун алып, 25 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 16-октябрь күнү Рорайма штатындагы Боа-Виста шаарында болгон. Түрмөдөгүлөрдүн тобу камактагы башка бөлүккө өтүп кетишип, ошол жерден мушташ башталган. Анда 7 адамдын башы кесилип, 6 адам тирүүлөй өрттөлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, урушка катышкандар бычак жана жыгач таяктар менен куралданышкан. 740 адамга эсептелген абакта окуя учурунда 1400 адам болгон.

Бразилия түрмөгө камалгандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бул өлкөдөгү абакта отургандардын жалпы саны 600 миңди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
simone
2016-10-17 20:03:25
Ой тобоо! Кулкум келди комментарий жазгандарга.
0
modem4999
2016-10-17 22:43:14
Тема боюнча жазгыла чукушпай.
+3
chon.alai.
2016-10-17 23:48:35
ошол жерде отургандар зектер ХХХ ХХХ екен
0
admin_portal
2016-10-18 10:05:29
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
0
Komrad
2016-10-18 07:29:38
Жаман болуптур, ушундай улуу өлкө. Потенциалдуу, таланттуу эл. Бирок коррупциялашкан бийилиги бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан