Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүндө өрт кырсыгы катталды. Анда темир менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын 200 чарчы метр чатыры, 2000 түк беде-чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.