Чүй облустук соту бүгүн, 18-октябрда Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантмак. Бирок судьянын ооруп калганына байланыштуу соттук отурум 25-октябрга жылдырылганын облустук соттон билдиришти.
Буга чейинки соттук отурумдарда айыпталуучу, жабырлануучу жана күбөлөр суракка алынышкан. Ошондой эле жактоочу айыпталуучуну абактан бошотуу өтүнүчүн келтирген, бирок соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.