Бишкекте жүргүзүлгөн рейддин алкагында жашы жете электер тарабынан жасалган бир нече кылмыштын бети ачылды

Борбор калаада жүргүзүлгөн рейддин алкагында жашы жете электер тарабынан жасалган бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Биринчи Май районунун аймагында жасалган 5 кылмыштын бети ачылган: 1 бейбаштык, 2 уурулук фактысы жана 3 өзүм билемдик. Ал эми Свердлов районунун аймагында 3 уурулук фактысынын бети ачылган.

"Рейд учурунда жоголгон эки өспүрүм: 2002-жылы туулган А.Майтиева жана 1999-жылы туулган С.Калинур уулу табылган. Мектептерде жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 11 жашы жете элек бала райондук милициянын каттоосуна алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан