Бишкек шаарында көпүрөнүн алдынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарында көпүрөнүн алдынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-октябрда саат 16:47 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына билдирүү түшкөн. Анда М.Ганди көчөсүндөгү көпүрөнүн алдында сууда белгисиз эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу айтылган. Аталган жерге барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sirduusezim
2016-10-18 10:11:09
Жайы жанаттан болсун
+1
miraiymka
2016-10-18 10:39:23
вроде олук адам жашнакай эле солидно кийинген адам экен БЧКга кантип тушуп кеткен болду экен.куйоом коруп калган экен отуп баратып суудан чыгарып жатышканын.
0
fanatka19
2016-10-18 15:19:50
Ошо казып чыгарып койгондор жакшылык көрбөсүн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан