Ошто аэропорттун көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын паспорту менен Стамбулга учууга аракеттенген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Ош-Стамбул каттамы боюнча №361-рейсти текшерүү учурунда 1989-жылы туулган Ч.А. аттуу кыз кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.