Борбор калаадагы базарлардын биринен 5700 сомдук товар уурдоого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал борбордогу базарлардын биринен белгисиз жарандар жалпы суммасы 5700 сомду түзгөн жоолуктарды уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.