1989-жылдын 18-октябрында Баку шаарына жакын жерде Ил-76 үлгүсүндөгү аскер учагы абада өрттөнүп, Каспий деңизине кулап түшкөн. Учактын ичинде экипаждын 9 мүчөсү жана 48 десант болгон. Алар армян-азербайжан жаңжалында атайын тапшырманы аткарып, Болград шаарына келе жатышкан. Кырсыктын келип чыгышына №1-кыймылдаткычтын өрттөнүп кеткени себеп болгон. Натыйжада учактагылардын баары каза болушкан.
18-октябрга карата жылнаама.