Интернетке "Мегаком" боюнча кайсы судья канча пара алганы жөнүндө маалымат айтылган видео чыкты

Интернетке "Мегакомдун" тегерегиндеги иштерге тийиштүү 2011-жылы тартылган видео жарыяланды. Тасма экс-депутат Равшан Жээнбеков менен "Мегаком" чуусу боюнча айыпталып, абакка отуруп чыккан Раушан Рыкунованын маегин камтыйт.

Рыкунова "Мегаком" компаниясына байланышкан ишти бүтүрүү үчүн убагында кыргыз судьялары миллиондорду сураганын, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьяларынан баштап Жогорку Соттун жетекчилигине чейин жалпы 1,5 миллион доллар суммасында пара алганын айтат. Мисалы, Момбеков деген судья 500 миң доллар, судья Калиса Качкыналиева 700 миң доллар, Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги төрагасы Марс Жакупов 400 миң доллар, Жогорку Соттун төрагасынын ошол маалдагы орун басары Эркин Токтомамбетов 300 миң доллар алганын айтат Рыкунова. Айтылгандарга таянсак, бул акчалар "Мегаком" боюнча оң чечим чыгаруу үчүн суралган.

Мындан тышкары убагында Башкы прокуратураны жетектеп турушкан Байтемир Ибраев менен Кубатбек Байболов да ири суммаларды алышканы маалымдалды.

Раушан Рыкунова "Мегаком" боюнча судьялар канча пара алганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
MES
2016-10-18 16:15:00
Анан...
-2
Ali-han
2016-10-18 16:32:05
Бири биринди чукушуп журо бергиле
-6
Nasyrkg
2016-10-18 16:42:35
ХХХ кетишпейби.
-1
admin_portal
2016-10-18 16:55:50
Nasyrkg, этика нормаларын сактаңыз!
-3
Ulantay
2016-10-18 16:56:46
Ишенген кожоң сууга акса,алды-алдынан тал карма болуптур го. Биздин сульялар,судья эмес эле коммерсант болуп кетишкен го сыягы.
+11
mederkg
2016-10-18 17:06:21
Буларды жооп ко тартса оруп калышат клап эле эми
+2
yazem
2016-10-18 17:13:52
Мен мисалы вообще тан калган жокмун. Баары эле билет сотоотор акча аларын и ажо да прекраасно билет
+3
ERCHOROEV
2016-10-18 17:19:37
Эч кандай уй камагы эмес эч кандай турмодо эмес. Булардын баары азыр поликлиникада ото коркунучтуу оору менен ооруйт деген справка жаздырып журушсо керек. Эртеге булардын бааоы ооруйт. Ишенбесенер кутуп тургула
+4
jengoo
2016-10-18 17:46:43
Миллиондорду алып миллионду берсе значит бизнесмен, аз акча берип аз акча алган коррупционер дейтко.
+1
chikeusenov
2016-10-18 18:23:32
мегакомдо милиондогон корупциялар болсо анда кумтордо миллиардар болот и кыргызстан карызынан да жарымынан кобун чонтоко уруштуго бей бечара элдер ачка калып уйу жоктор канча ошолорго уй бекер салып бериш керек экен булар
+1
Azamat9
2016-10-18 19:58:10
соттун баары ошондой Караколдо Сулайманов Кадырбек Култашырович биздин иш боюнча жылдырып жылдырып келе жатат себеби сот болордо эле отметкасын алып коёт ар нерсени шылтап 4,5 жыл болду биз жабырлануучу тарапбыз 4,5 жылдан бери суйролуп журобуз биздин сотко берчудой бир сомубуз жок и бербейбиз дагы. Азыр дагы башка жерге которулду ал жактагы элдин каннын ичкени. анын бир отметкасы 1 жылкы минимум.
+2
chon.alai.
2016-10-18 20:50:15
бирини бири чукусун жок дегенде эл билсин
+1
daky
2016-10-18 21:02:39
тынч болсок экен
0
zamir-bek
2016-10-18 21:19:15
Бул аял деле турмодогу Абдулла Юсуповтун бир туру окшойт. Фамилияларды айтканы боюнча.
-1
didi07
2016-10-19 03:31:20
Катуу согуш берилет болду анан эстуу болуп калышат
0
nurbek_kgz
2016-10-19 04:40:38
Мына сага шумдугун кургурлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан