Чүй облусунда "чала таанышын себепсиз балка менен чапкан" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда "чала таанышын себепсиз балка менен чапкан" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Ивановка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 14-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Мирлан аттуу чала таанышы себепсиз балка менен чапканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан