Украинада жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрына карата алынган маалыматтарга ылайык, жасалма арактан уулангандардын саны 142 адамды түзүп, анын ичинен 64ү каза тапкан.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма арак даярдаган ишкананы аныкташып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Киевде жүргүзүлгөн рейддин алкагында, 10-октябрдан 17-октябрга чейинки убакыт аралыгында 500 литр өлчөмүндөгү жасалма арак алынды", - деп айтылат маалыматта.