Сауд Арабиянын бийлиги канзаада Турки бен Сауд аль-Кебирди өлүм жазасына тартты

Монархиянын тарыхында биринчи жолу падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү, Сауд Арабиянын канзаадасы Турки бен Сауд аль-Кебир өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу кечээ, 18-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, канзаада 3 жыл мурун киши өлтүргөндүгү үчүн падышанын уруксаты жана буйругу менен өлүм жазасына тартылды.

Турки бен Сауд аль-Кебир 3 жыл мурун Аль Тумама районундагы массалык урушта өзүнүн досун атып, күнөөлүү деп табылган. Ал окуя болгон жерге полиция кызматкерин өзү чакырып, кармалган. Сауд Арабиядагы шарият мыйзамы боюнча, киши өлтүрүү, баңгизатын контрабандалоо, куралдуу карактоо, зордуктоо жана Кудайга жана динге байланышкан туура эмес аракеттерди жасаган адамга өлүм жазасы берилет. Өткөн жылы Сауд Арабияда 158 адамды өлүм жазасына тартуу өкүмү чыккан. Ал эми быйылкы жылдын эсеби боюнча канзааданын өлүмү 134-болуп эсептелет”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aigerimosh
2016-10-19 11:20:30
Бизге да ушундай мыйзамды киргизүү керек.Адам өлтүргөндөр азайып,зордуктоолорда азаят беле
+30
Tansuluu09
2016-10-19 11:58:31
aigerimosh,
Бир жагынан жок болгону дагы жакшы, баары коррупция болуп кеткен, куноосу жоктор олуп кетиши мумкун...
Андай болушу учун,адвокат,соттор, милициялар кучтуу Жана акыйкаттуу болушу керек.
+16
Altysh_Boldush
2016-10-19 13:11:40
aigerimosh, Адахан Мадумаровту колдош керек
-9
Stervamyn
2016-10-19 18:48:48
aigerimosh,ооба,олум жазасы болсо,кылмыш азаймак
+2
Aiya-2012
2016-10-19 11:28:09
Bizge da kerek bul miyzam.
+5
nurikkg88
2016-10-19 11:42:00
Менда колдойм
+7
UlukmanKalyev
2016-10-19 12:19:58
Ислам дининдеги шарият боюнча мамлекетти башкарса мамлекет өнүгө. 2 ай мурун ушундай ойду айтсам баары минус баскан.
+2
jengoo
2016-10-19 16:48:33
UlukmanKalyev,Болчу беле ошо дагы. Дин адамы саясаттан алыыыс жургон жакшы.
-3
Asylbek1981
2016-10-19 17:41:57
jengoo, кайсы чон-энен айтты? Дин бул озу саясат.
-2
Riokyrgyz
2016-10-19 18:35:13
UlukmanKalyev,сизди колдойм.Шарыяттын негизинде жашасак,элибиз жерибиз онолмок.динден кабары жоктор,динди колдобогондор сизге минус басат.мен плюс бастым
+4
sarbo
2016-10-19 12:37:06
Бизде педофилдер да кутулуп кетип жатпайбы. Ошолорго колдонуш керек жок дегенде.
+11
chon.alai.
2016-10-19 12:38:54
ислам дининин очогу болгон Сауд аравияда да дин озунчо мыйзам озунчо экени корунуп турат
+5
azim14
2016-10-19 12:44:18
Баарынар эле озунорду ойлой бересинерби башкалардын жагдайын ойлоп койгула
-5
tatynam_88
2016-10-19 13:35:17
Тез арада бизге да кабыл алып ак уйдогу жеп жутарларды ак уйу менен кошо жоготуш керек.
+10
Ilgiz2016
2016-10-19 15:20:06
Мына сага тартип.кыргыздын бийлигине соз жок айтыштын кереги жок.
+3
albinochka2015
2016-10-19 16:49:32
Жараткан берген жанды озунон башка эч кимдин алууга укугу жок... эгерде ошондой болсо бул ага тен келуучулукко жатат б.а. чон куноо деп билем...кандай болгон кундо да башка жаза турун колдонуп жан алууга жеткирбеш кк.жеке оюм...
-1
Stervamyn
2016-10-19 18:50:03
Мына сага закон!бизде да колдонсо,бирок куноосу толук мойнуна коюлуп,доказать этилгендер учун!кээде куноосу жок адамдар канча жылга кесилип кетет.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан