Өлкөдө 9 ай аралыгында экстремизм жана терроризм боюнча 361 факт катталып, 148 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"9 ай аралыгында экстремисттик уюмдардын 4154 тарапташы Ички иштер министрлигинин каттоосуна алынган. Улуттар аралык кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2016-жылы 3913 алдын алуу иш-чарасы уюштурулган. Анын ичинде лекциялар, семинарлар, тегерек столдор болуп, калк менен жолугушуу өткөрүлүп, өзгөчө жаштарга көңүл бурулган", - деп айтылат маалыматта.