Токтогул районунда катталган жол кырсыгында унаанын айдоочусу каза тапты

Токтогул районунда катталган жол кырсыгында унаанын айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 18-октябрда саат 10:22де Бишкек-Ош унаа жолунун 281-чакырымында орун алган. Анда Ford Mondeo унаасынын айдоочусу жүк ташуучу МАЗ үлгүсүндөгү унаасынын капталын сүзгөн. Натыйжада жеңил унаанын 1995-жылы туулган Н.С. аттуу айдоочусу оор жаракаттардан улам каза болуп калган. Жанындагы 1993-жылы туулган З.Б. аттуу жүргүнчүсү райондук ооруканага жеткирилген.

"Окуя болгон жерге ӨКМнын 97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, райондук өлүкканага жеткиришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан