Бишкекте "өзүн мугалим катары тааныштырып, бир окуу жайдан экинчисине которууну убадалап акча алган" деп шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү милицияга арыз менен 1995-жылы туулган К.А. кайрылган. Анда ал өзүн мугалим катары тааныштырган кыз бир окуу жайдан башка окуу жайга которууну убадалап 15 миң сом акчасын алып, алдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1987-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.