ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: Наполеон жетектеген француз армиясы Москвадан чегинүүгө аргасыз болгон

1812-жылдын 1-сентябрында Наполеон Бонапарт асманга чаң сапырган аскерлери менен Москвага кирип келген. Орус армиясы бул учурда акырындык менен чегинип шаардан чыгып кете баштаган. Алардын артынан миңдеген шаар тургундары дагы чоочун аскерлерди өз шаарынан көргүлөрү келбей чыгып кетишкен.

Аңгыраган бош шаар Бонапарттын түзгөн стратегиялык планына төп келбей калат. Көп өтпөй шаарда тездик менен каптаган өрт чыгып, француз аскерлерине бир топ кыйындыкты жаратат. Бир нече мезгилге жетчү азык запасынан куру калган аскерлер ээн калган дүкөндөрдү талкалап киришип, анча-мынча кете албай калган тургундарды тоношуп, алаамат баштап жиберишет. Көп өтпөй Москванын сөөктөн өткөн ызгаар суугу түшүп, француз аскерлерин кыйла жүдөтөт. Көптөгөн кыйынчылыктардан жана Кутузовдун акылдуу иш-аракеттеринен улам 19-октябрда Наполеон жетектеген француз армиясы Москвадан чегинүүгө аргасыз болгон.

19-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elmurat.kg
2016-10-19 17:50:42
бул жаман кызык окуя улантысы бар китептен кенири окусанар соонун окуяда Кутузов дун планы сонун болгон
0
borbuk
2016-10-19 22:11:14
elmurat.kg,китебин кайдан тапсак болот ,айтып койосунарбы
0
chon.alai.
2016-10-19 19:32:00
Напалеон Москваны озу таштап чыгып кеткен.Кутузов деп орустарын мактана берет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан