Караколдо электр куроочу токко тартылып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда “Чыгыш электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь күнү Каракол шаарындагы №353-трансформаторду оңдоо учурунда болгон. Анда 1977-жылы туулган Жаныбек Деркембаев аттуу электр куроочу токко тартылган. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталууда.