Жайыл районунда 4 адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды

Жайыл районунда 4 адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл райондук соту Петропавловка айылында эки аялды жана үч кичинекей кызды сүзүп кеткен Абулазиз Турдиев аттуу айдоочунун ишин караган. Анда сот айдоочуну күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу тарап ал чечимге макул болбой, жогорку инстанциядагы сотко кайрылган. Ишти Чүй облустук соту карап, айдоочуну 10 жылга эркинен ажыраткан. Чечимге ылайык, ал жазасын жатак-абакта өтөйт.

Айта кетсек, кырсык 2015-жылдын 25-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Жайыл районуна караштуу Петропавловка айылында болгон. Анда жолдон өтүп келе жатышкан эки аял жана үч кичинекей кызды айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Натыйжада 4 адам каза болгон.

"Жол кырсыгынан кош бойлуу жубайымдан, эки кызымдан ажырадым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aika96
2016-10-19 16:03:31
Азыр кимдин акчасы болсо турмого камалбайт, баягы эле карапайым эл турмого камалган. Иса Омуркуловтун баласы да 10 жылга кесилиш керек эле,акчанын, бийликтин кучу менен бош журот, керек болсо соттолгон деген жазуусу жок. Аттин, аттиин....
+2
kemel81
2016-10-19 22:21:36
Aika96,ал деген сдпк да
0
vangolu
2016-10-19 16:58:28
бир карапайым соттолду.сотторго берээр акчасы жок болду да.иса омуркуловдун баласы жым жым болуп эле иши бутту.эстесем каным кайнайт.уялбай дагы деле бийлик башында отурат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан