Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүүнүн очогу Өзгөрүш айылынан 10 чакырым түштүктө, Берик-Суу айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Сүлүктү шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгышта, Баткен шаарынан 80 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Өзгөрүш, Кызыл-Чарба, Берик-Суу, Жаңы-Турмуш айылдарында 2,5 баллга сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан