2005-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү басуу үчүн барганда, ага ок атылып каза болгон.
Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү, маркум Рысбек Акматбаевдин иниси, экс-депутат Тынычбек Акматбаев 1962-жылы 30-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Ал 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкердик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан.
Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
20-октябрга карата жылнаама.