Балыкчыда болгон катуу шамалдын кесепетинен турак жайлардын жана социалдык мекемелердин чатырлары зыянга учурады

Балыкчы шаарында катуу шамалдын келтирген чыгымдары такталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин Балыкчы метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, 18-октябрь күнү саат 19:40дан 19-октябрь, саат 06:15ке чейин Балыкчы шаарында катуу шамал катталган. Шамал түндүк-батыштан согуп, анын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен. Шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн жана социалдык курулуштардын чатырлары зыянга учураган.

"Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 19-октябрь күнү тактоо иштеринин алкагында 9 турак үйдүн чатырынан 53 шифер, 65 чарчы метр профнастил, 20 ондулин, 5 орто мектептин, 3 балдар бакчасынын жана 1 педагогикалык колледжинин чатырынан жалпы 169 шифер, 24 чарчы метр профнастил, 46 метр ичке тактайча, 2 чарчы метр терезенин айнеги жараксыз абалга келген. Жалпысынан шамалдан 222 шифер, 89 чарчы метр профнастил, 20 ондулин, 46 метр ичке тактайча, 2 чарчы метр терезенин айнеги зыянга учураган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан