Түзөтүүчү мекемеден качып, 2 айдан бери издөөдө жүргөн кылмышкер чек арадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрда Чүй облусунун Васильевка айылынан алыс эмес жерден Казакстандан Кыргыз жерине мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалган. 1994-жылы туулган З.С. Чүй дарыясын кечип өтүп бараткан жеринен кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кармалган жаран №26-түзөтүүчү мекемеден качып, 2 айдан бери издөөдө жүргөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран ЖАМКтын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.