Алматы облусуна караштуу Жамбыл районунда кызды зордуктаган 2 жарандын бири ага үйлөнүп, экинчиси асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-июлда Каргалы айылынын тургуну полиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал 15-июлдан 16-июлга караган түнү аны эки жигит зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөр Узунагаш айлынын тургундары экени аныкталган. Эртеси күнү жабырлануучу кайра полиция кызматкерлерине келип тосмо арыз жазып, аны зордуктагандардын бирине турмушка чыкканын билдирген. Кылмыш иши эки тарап бири-бирине арыз-доосу жоктугунан улам токтотулган.
"Ал эми экинчи кылмышка шектүү 18-июль күнү үйүнүн короосунда асынып каза тапкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркумдун денесинен эч кандай тактар жана кыйноо белгилери табылган эмес. Бирок окуядан кийин асынып алган жигиттин ата-энеси арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.