Бишкекте "чала таанышынын зер буюмдарын алып, кайтарып бербей койгон" деген шек менен 35 жаштагы аял кармалды

Бишкекте "чала таанышынын зер буюмдарын алып, кайтарып бербей койгон" деген шек менен 35 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы К.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал Х.Н. аттуу чала таанышы ишенимине кирүү менен жалпы суммасы 39 миң сомду түзгөн зер буюмдарын алып, кайтарып бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмашка шектүү катары 35 жаштагы Х.Н. кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүү бул сыяктуу дагы бир кылмышка тиешеси бар экени аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан