Башкы прокуратуранын кызматкеринин унаасын жардырууга карыз акча себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
“Кылмышка шектүү А.Т. жабырлануучунун алыс тууганы болот. Курманалиев ага карызга акча берген экен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, - деди Жунушалиев.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 29-июль күнү эртең менен саат 08:45 чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган.