Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунда тоңуп калган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган Илхом жана 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жарандар "мончого барабыз" деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
"Бүгүн саат 10:30дан тарта издөө иштери жүргүзүлүп, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 1979-жылы туулган Илхом аттуу жарандын катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Учурда 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жаранды издөө иштери Сары-Кыр ашуусунда катуу шамал, бороон-чапкын болгондугуна байланыштуу убактылуу токтотулду", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.