Бишкекте унааны ичиндеги 7 жашар бала менен кошо айдай качкан адам изделүүдө

Бишкекте унааны ичиндеги 7 жашар бала менен кошо айдай качкан адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын Октябрь районундагы турак үйлөрдүн биринин алдында болгон. Анда унаа ээси жумуштары менен үйүнө кирип кеткенде, белгисиз адам унааны айдай качкан. Ошол учурда унаанын ичинде 7 жашар бала бар болгон. Кийин баланын үнүнөн чочуган адам рулду башкара албай жол четиндеги арыкка кулаган. Учурда унааны айдай качкан адам изделүүдө.

Бул унааны бала менен чогуу уурдоону көздөптүр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Oylonkyrgyzym
2016-10-24 18:40:05
Тооба кылдым менде да көп болот машинаны өчүрбөй магазинге кирип чыга калам деп.
Өзүңө азыр сак болуш керек болуп калды.
0
chon.alai.
2016-10-24 20:24:05
келесоолор коп да бирок бардык нерсе ошо келесоолордо болот екен
0
semo
2016-10-24 21:11:39
Мына ушуга да бийлик күнөлү себеби кылмышкерлер кылмышты кылып жазасыз калып атат кылмыш кылгандарды аябаш керек жазаны күчөткөндө кылмыш азаят
+4
orozali.krg
2016-10-24 21:42:39
Сак болуу ашыкчалык кылбайт коо
0
Gul.nur
2016-10-25 00:37:24
Бала аманбы?еч жери еч нерсе болбоппу ??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан