Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-берене (опузалап пара талап кылуу) жана 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын инспекторлоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
"2016-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасына жеке ишкер И.Ж. аттуу жарандын арызы келип түшкөн. Анда ишкердин жеке ишмердүүлүгүн текшерүүдө оң корутунду чыгаруу үчүн 6 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын инспекторлоруна карата чара көрүү жөнүндө кайрылган. 2016-жылдын 22-октябрында облустук прокуратура Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусу боюнча башкармалыгы менен бирге өткөргөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 6 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын инспектору Ч.Т. кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү кармалган кызматкер Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.