Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын сентябрь айынын соңунда ИИМдин Ички коопсуздук кызматы Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүндөгү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган.
"2016-жылдын 15-июлунда Кара-Көл ШИИБинин кызматкерлери “Кара куурай” деген аталыштагы баңгизатка байланышкан кылмыштарды азайтууга багытталган ыкчам издөө жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшкөн. Иш-чаранын жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз жасап жана сактаганга шектүү катары 1984-жылы туулган М.У. аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Текшерүү учурунда кылмышка шектүү жарандан 270 грамм марихуана табылган, бирок кармалган адам коё берилген. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.