Тогуз-Торо районунда "мончого кеткен боюнча дайынсыз" делген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган Илхом Жумабаев жана 1976-жылы туулган Надыр Тиллебаев аттуу жарандар "мончого барабыз" деп чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес. Эртеси саат 13:20 чамасында Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда Илхом Жумабаевдин катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Ал эми анын жанындагы шериги учурда изделүүдө.