Кара-Балта шаарында тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн түнү саат 01:21 чамасында келип түшкөн.
“Кара-Балта шаарынын Садовая көчөсүндөгү №113-үйдүн 8-батиринде сыналгы жана диван күйгөн. Өрт болгон жерден үй ээси 1934-жылы туулган Рубан Николайдын жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.