Түркиянын Ички иштер министрлиги "2016-жылдын 15-июлунда аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган" деп шектелген 37 адамдын атын атап, аларды издөөгө алды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, издөөгө алынгандардын арасында Фетхуллах Гүлендин оң колу делген Мустафа Өзжан да бар. Аны кармаганга негиз болгон так маалымат берген адамга түрк бийлиги 1,3 миллион доллар убадалады. Ал эми Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда Мустафа Өзжан Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүрөт.
Айта кетсек, Мустафа Өзжан Кыргыз жериндеги түрк лицейлерин каржылаган "Кайнак" холдингин жетектейт. Ошондой эле аталган ишкананын каржылоосунда Бишкектеги "Вефа" соода борбору курулган.