Орусиянын Москва шаарында “мас абалда мекендештерин бычактаган” деп шектелген Кыргыз Республикасынын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-октябрь түнү Москва шаарындагы түнкү клубдардын биринде болгон. Анда эки топтун ортосунда уруш чыгып, кийин ал мушташка айланып кеткен. Анын кесепетинен 24 жаштагы С.У., 30 жаштагы Р.У. жана 25 жаштагы Д.К. сайылган бычактан жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы О.Г. жана Х.И. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.