ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: 1440-жылы балдарды массалык өлтүрүүгө жана сыйкырчылыкка айыпталган француз маршалы Жиль де Рэ өлүм жазасына тартылып, 552 жылдан кийин акталган

Келечектеги француз маршалы жана Жанна д'Арктын жакын досу Жиль де Монморанси-Лаваль, барон де Рэ, граф де Бриен, синьор д'Ингран де Шамптос 1404-жылы Бретани жана Анжу чек арасында жайгашкан Машкуль сепилинде жарык дүйнөгө келген. Ал бай жана сыйлуу үй-бүлөдөн болгон. Жиль де Рэ иниси Рене менен (ата-энесинин өлүмүнөн кийин) 11 жашынан тартып чоң атасы Жан де Кроандын колунда тарбияланган. 16 жашында Катрин де Туар аттуу айымга баш кошуу менен бирге чоң жер тилкелерге, сепилдерге жана 2 миллион ливрга ээ болгон. Дал ошол байлыгы тагдырында чоң ролду ойногонун француз окумуштуулары айтып келишет.
Жиль де Рэ Англия менен Франциянын ортосундагы согушта, албетте, француздар тарапта болгон. Ал эр жүрөк жоокер жана куралды мыкты колдоно билген. Өзүнүн эсебинен куралдуу отряд түзүп, 1427-1429-жылдар аралыгында англичандар басып алган бир топ француз сепилдерин жана жерлерди бошоткон. 25 жашында Франциянын маршалы болгон. Ал эми 1440-жылы аны бир топ кылмышка айыптуу деп табышкан. Жиль де Рэ айыптардын баарын четке кагып келип, бирок соттун буйругу менен кыйноого алынганда кылмыштарын моюнга алып, 7 жыл аралыгында 800 өспүрүмдүн (кыздар жана эркек балдар) жанын алганын айткан. Ошол эле жылдын 26-октябрь күнү жан сакчылары Анри Гриар жана Этьен Корийолор менен бирге өлүм жазасына тартылган.
Бир топ жылдар өтүп, 1992-жылы француз окумуштуулары тарыхый архивдерди карап изилдөө жүргүзүшүп, Франция Республикасынын сенатында саясатчылар, тарыхчы-эксперттердин катышуусу алдында Жиль де Рэнин күнөөлүү эмес экендигин аныктап чыгышкан.
26-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg.arts.
2016-10-26 13:26:38
Аты эле аябай узун го.
0
Ayida
2016-10-26 14:36:43
Ошол кезде эле коро албастык болгон экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан