Бишкекте “41 жаштагы аялды зордуктап, качып кеткен” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-август күнү милиция кызматкерлерине 1975-жылы туулган И.Ж. аттуу аял арыз менен кайрылып, чала тааныш К. аттуу адам күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.