Орусияда куралчан топ Кыргыз Республикасынын жаранынын 3,5 миллион рубль акчасын алып койду

Москва шаарында куралчан топ Кыргыз Республикасынын жаранынын 3,5 миллион рубль акчасын алып койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 26-октябрда күндүз Москванын түштүк-чыгышында болгон. Кылмышкер делгендердин тобу соода борборунан банкка акча алып бара жаткан 40 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн тургунун карактап, анын баштыгындагы 3,57 миллион рубль акчасын алып койгон.

"Каракчылар эки автоунаа менен келип, Hyunday Solaris үлгүсүндөгү унаасында бараткан Кыргыз мамлекетинин жаранынын жолун торошкон. 7 адамдан турган топ айдоочуну тапанча менен коркутуп, акча салынган сумканы алып койгон. Ошол күнү кылмышкерлерди издөө иши жүрүп, кечинде полиция кызматкерлери кылмышкерлердин автоунааларын табышкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ekaterinburg
2016-10-27 14:47:38
Туй ХХХ...Абайлабайбы десен...Каап..
+1
admin_portal
2016-10-27 15:19:23
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
-3
Azahan
2016-10-27 14:49:05
Анан??????????????????????????????????? Бир жанылыктын аягына чыкпайсынар
+7
karasuu
2016-10-27 14:51:38
байкуш кайтарып алса экен эми
+9
Arslan12
2016-10-27 15:17:01
Жаман болуптур, жанында жургондорду сурака алыш керек, андып турушкан да эмесе кайдан билмек эле, биз банкка кундо эле кирип-чыгабыз да!
+1
sani899394
2016-10-27 15:18:19
Э-эх кыргыз мекендештер жон эле журсо болбойбу! Оруссияда жургон кыргыз мигранттардын жосоосун кыйындатып жатасынар да ар кимди карактап, тоноп.
-2
tashi62
2016-10-27 15:22:18
Кыгызды кыргыз тоноп жүрөт,ууру алыстан келбейт .
+5
Zinazima
2016-10-27 15:46:30
Банктагы кайсы бир кызматкердин да тиешеси болушу мумкун
0
Aygir
2016-10-27 16:42:26
Же таджики или Хачики булар
-3
Bolunbo.kyrgyz
2016-10-27 18:18:42
Президент Атамбаев айткан туп туура сыяктуу кыргыздын душманы ким десе кыргыз деп тангору
+4
chon.alai.
2016-10-28 02:17:25
алар кайдан билишти акча бар екенин демек душманды алыстан издебе
+1
Asyl.jazi
2016-10-28 09:06:14
Билген адам эле жасады да муну
+1
Ananai
2016-10-28 20:37:00
Коп акчага чуркабаш керек напсини тыйып ...
0
Emil0211
2016-10-28 22:35:27
Тонолгон адамдын аты-жону ким экен.Мен да Москвада Юго-Востокто турам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан